Путин, Лукашенко, Рахмон жана Алиев 9-майда Москвада жолугушууну макулдашты

Орусия, Беларус, Тажикстан жана Азербайжандын президенттери телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жылуу жана достук маанайда баарлашуу болуп, анын жүрүшүндө лидерлер мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

"Биргелешкен бейформал жолугушуу өткөрүп жаткан Орусиянын президенти Владимир Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу байланышты", - деп айтылат маалыматта.

9-майда Москвада Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада жолугушуу макулдашылганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан