Учурда СМА оорусу менен алышып жаткан Аслан аттуу 9 айлык наристеге каражат топтоп жаткан ыктыярчылар алардын атын жамынган шылуундар көбөйгөнүн билдиришти. Ыктыярчылар кыргызстандыктардан акча которордо тактап туруп которууну, мүмкүн болсо өздөрү келип накталай берип кетүүнү өтүнүштү.
Алар учурда Аслан менен Хамзанын аталарынын гана номери иштеп жатканын белгилешти:
Белгилей кетсек так эле ушундай оору менен жабыркаган Хамза аттуу эки жашар наристеге керектүү каражат кечээ топтолуп бүткөн. Учурда активисттер жана ыктыярчылар өлкө боюнча жер-жерлерде Аслан үчүн акча чогултууда. СМАга каршы бир уколдун (Золгенсма) баасы 170 миллион сом турат.