Ошто бүгүн түнү жылуулук берүү токтотулат

Ош шаарында бүгүн, 16-марттан 17-мартка караган түнү саат 00:00дө жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктайт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.

Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилгени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан