Түндүк Корея өзөктүк куралдын үй-бүлөсүн атады

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги чоң жетиликти өзөктүк топ деп атап, уюмга мүчө өлкөлөрдү өзөктүк куралдан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кореянын борбордук маалымат агенттигине таянып жазып чыгышты.

Пхеньяндын мындай билдирүүсүнө чоң жетиликке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу боюнча сүйлөшүүлөрү себеп болгон. Корей өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги АКШ дүйнөдөгү өзөктүк бомба колдонгон жалгыз өлкө экенин жана өзөктүк куралды биринчи жайылткан мамлекет экенин белгилеген.

Андыктан министрлик Вашингтонду Корей жарым аралында жана Европада өзөктүк кагылышуу тобокелдигин жаратып жатат деп айыптаган. Пхеньян өзөктүк куралын жаңыртып, чыңдап турарын, бул өлкө эгемендүүлүгүнүн кепилдиги экенин билдирген.

Чоң жетиликке: Канада, Франция, Германия, Италия, Япония, Улуу Британия жана Кошмо Штаттары кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан