
«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Худжанд багыты боюнча техникалык каттамды ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, жүргүнчүлөр үчүн үзгүлтүксүз аба каттамдарын "Асман Эйрлайнс" 8-апрелден тарта шейшемби күндөрү ишке киргизет.
Белгилей кетсек, 14-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан учуп келген Somon Air учагы "Манас" эл аралык аэпортуна ийгиликтүү
каттам аткарган.