"Суу аркасы, сурнайчандар". Тажикстандыктар кыргызстандыктарды кандай тосуп алышты? 

Кечээ, 16-мартта "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы тарыхый каттамды ишке ашырды.

Тагыраагы, Кыргызстандан чогулган атайын делегация Тажикстандын Худжанд шаарына алгачкы ирет учуп барышты.

Худжанд аэропортунда – сурнай, улуттук кийимчен кыздар нан жана куттуктоо сөздөрү менен кыргызстандык делегацияны тосуп алышкан. Кыргызстандан барган учакты аэропорттон суу аркасы коштоду. Андан кийин кыргыз делегациясына Худжанд шаарынын тарыхый жерлери көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 14-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан учуп келген Somon Air учагы "Манас" эл аралык аэпортуна ийгиликтүү каттам аткарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан