Жайыл районунда бир катар алдамчылыкка шектелип 35 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-мартта милицияга 38 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал шектүү делген аял былтыркы жылдын январь айынан бери "курулуш бизнесине инвестиция салып туруңуз" деген шылтоосу менен акча алып келгенин айткан. Жабырлануучу 12 миллион сом материалдык зыян тарткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары 35 жаштагы аялдын үстүнөн дагы 8 жаран ушундай эле арыздар менен кайрылышкан. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө ал тарабынан келтирилген материалдык чыгымдардын көлөмү 37 миллион 273 миң сом экени аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.