Бишкекте 3 автобустун каттам схемасы өзгөрдү

Бишкек шаарында №55, №56 жана №8 автобус маршруттарынын кыймыл схемалары өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта калаа мэриясы кабарлады.
Мындай өзгөрүү Ч. Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу кабыл алынган.
Жогорудагы автобустардын каттамы төмөнкүдөй болот:
№55 автобус Д. Садырбаев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү;
№8 автобус И. Ахунбаев көчөсү – Тыналиев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Д. Садырбаев көчөсү;
№56 автобус А. Масалиев жана Д. Садырбаев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
Шаардык мэрия келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан