АКШнын президенти Дональд Трамптын Ирандын жогорку лидери Али Хаменеиге жолдогон катынын негизги мазмунун анын эл алдында сүйлөгөн ачык сөзүнөн көп деле айырмаланбайт. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи билдирди.
"Трамптын катын жарыялоого азырынча эч кандай негизибиз жок. Бул кат боюнча ММКларда тарагандын баары божомол. Трамптын ачык билдирүүлөрүн эске алсак, бул каттын мазмуну алардан көп деле айырмаланбайт", - деген ал маалымат жыйынында.
Эске салсак, 7-мартта Трамп Хаменеиге Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнү сунуштаган кат жөнөткөнүн билдирген. Кийин кат Ирандын тышкы иштер министринин колуна Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү аркылуу тийгени маалым болгон.