Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча уюштурулган сынакка 388 жарандан 564 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Маданият министрлигине байланышканыбызда билдирди.
Белгилүү болгондой, анын ичинен 91и толук талаптарга жооп берип, каттоого алынды.
Эске салсак, былтыр 25-октябрда жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөртүлө тургандыгын айтып чыккан. Андан кийин 30-октябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берип, гимнди өзгөртүүнү колдой турганын билдирген.
Мындан улам 7-февралда Маданият министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча республикалык сынак жарыялаган. Ага композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша ала турганы айтылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык бериле турганы маалым болгон.