Актриса Эмили Декенн 44 жашында көз жумду

Рак оорусунун өтө сейрек түрү менен ооруган бельгиялык актриса Эмили Декенн жекшемби күнү 44 жашында көз жумганын чет элдик басылмалар жазышты.

Ал Франциянын Вильжюиф шаарындагы Густав Русси ооруканасында каза болгон. Актриса 2023-жылдын октябрында бөйрөк үстүндөгү бездин рак оорусуна чалдыкканы белгилүү болгон.

Эмили Декенн 1999-жылы тартылган "Розетта" киносунда башкы каарманды жаратканы үчүн Канн кинофестивалынын "Эң мыкты айымдын ролу" сыйлыгын жеңип алган. Бул анын алгачкы тартылган тасмасы болчу. Кийин актриса "Өрт өчүргүч", "Жакын", "Өнөктөш" жана башка бир нече тасмаларга тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан