Грузиянын камакта жаткан мурунку президенти дагы 4,5 жылга эркинен ажыратылды 

Грузиянын соту өлкөнүн мурдагы президенти Михаил Саакашвилини 2021-жылы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн дагы 4,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, соттун чечими менен Саакашвилинин жалпы абак мөөнөтү 2034-жылга чейин узартылганы белгиленген. Отурумга экс-президент өзү катышкан жок.

Белгилей кетсек, 12-мартта Тбилисинин соту Саакашвилини мамлекеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланган деген айып менен 9 жылга эркинен ажыраткан. Ага чейин ал депутатты ур-токмокко алгандыгы, кылмышкерди актагандыгы үчүн 6 жылдык мөөнөтүн өтүп жаткандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан