Белгилүү ырчы жана бир катар эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Айыма Айылчиева социалдык баракчасынан жигити колун сурагандыгын билдирип, жакшылыгы менен бөлүштү.
Жаштар учурда Япониядагы Эносимо аралында эс алып жүргөнүн байкоого болот. Жигити анын колун Сагами булуңундагы Катасе дарыясынын жээгинде сурап, ырчы айым "ооба" деп жооп бергенин билдирген.
Ырчынын күйөрмандары аларга жакшылык каалап, куттуктоо сөздөрүн жазып жатышат.