Ырчылар Элзар Тиленбаев менен Айгерим Эшим кыздуу болушту

Кыргыз эстрада ырчылары Элзар Тиленбаев менен Айгерим Эшим кыздуу болушту. Бул тууралуу ырчы мырза Инстаграм баракчасында сүйүнчүлөдү.

"Жаным, сага рахмат! Аллахым ыраазы болсун сага. Мен сага эки дүйнө ыраазымын! Кандай кыйналып төрөгөнүңдү мен бул жакта туруп сездим. Бирок ошол эле учурда Каабаны айланып Аллахтан жардам сурай бердим, сурай бердим. Буюрса, кызыбыз өзүңө окшош жакшы кыз болуп чоңойсун.

Бул дүйнөгө кош келдиң, кызым! Мен азыр толкунданып, эмне дээримди билбей жатам. Бирок эң негизгиси ден соолугуң бекем болсун. Аллахым сени бактылуу кыз кылсын. Апаң экөөңөрдүн ар бир мүнөттүңөрдү бактылуу кылганга аракет кылам", - деп жазды ырчы мырза.

Белгилей кетсек, Айгерим Эшим менен Элзар Тиленбаевдин үйлөнүү үлпөт тою өткөн жылдын июль айында Бишкек шаарында өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан