“Шериктештик кубогу-2014” мелдешине аттана турган Кыргызстан жаштар курама командасы бишкектик “Алга” менен тең ойноду

Кечээ, 10-январда футбол боюнча “Шериктештик кубогу-2014” мелдешине көрүлүп жаткан даярдыгынын алкагында бишкектик “Алга” футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 1:1 эсебинде тең ойноду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, беттеште командалар 40 мүнөттөн 2 тайм ойношту. Оюндун 28-мүнөтүндө Динмухамед Таалайбеков эсепти ачып жаштар курама командасын алдыга чыгарган. Оюндун 75-мүнөтүндө “Алганын” оюнчусу Евгений Дорогинский 11 метрлик айып соккусун так аткарып, эсепти теңеди. Оюн дал ушундай эсеп менен бүттү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан