Трамп Иранды катаал жазалоо болорун айтып коркутту

АКШнын президенти Дональд Трамп мындан ары хуситтердин жасаган кол салуулары жана жооп соккулары үчүн Иран жооп берерин билдирди.

"Йеменде жайгашкан жаман каракчылар жана бейбаштар тарабынан жасалган жүздөгөн кол салуулар Ирандан келип чыккан. Биз бул чабуулдарга эбегейсиз күч менен жооп беребиз жана биздин жообубуз чектелүү болот деген кепилдик жок", - деп жазган ал Truth Social социалдык тармагына.

Трамп Иранды Йемендин түндүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн хуситтерди курал-жарак менен камсыздап жатат деп айыптап, козголоңчу кыймыл тарабынан атылган ар бир ок Тегеран тарабынан атылган ок катары кабыл алынарын белгилеген. АКШ лидери Иранга мунун кесепеттери оор болот деп эскертүү жасады.

Белгилей кетсек, 15-мартта АКШнын Куралдуу күчтөрү президент Дональд Трамптын буйругу менен Йемендеги хуситтер көзөмөлдөгөн аймактарга массалык сокку ура баштаган. Анда операция америкалык кемелерди коргоого жана Кызыл деңизде навигация эркиндигин калыбына келтирүүгө багытталганы айтылган. Акыркы маалыматтар боюнча Вашингтондун соккусунан улам 53 жайкын тургун набыт болуп, кеминде 98 киши жаракат алды.

Буга жооп кылган хуситтер ракеталарды жана учкучсуз учактарды колдонуп, Кызыл деңиздеги америкалык учак конуучу кемеге чабуул жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан