Москванын "Спартак" футболдук клубунун мурдагы жарым коргоочусу, чуулгандуу окуялары менен таанымал Квинси Промес клуб менен келишимин аяктагандан кийин ислам динин кабыл алды. Бул тууралуу анын чөйрөсүндөгү булактарга таянуу менен Mash Телеграм каналы жазды.
Футболчу оор турмуштук кырдаалга кабылгандан кийин динин өзгөртүү чечимин кабыл алган. Жакын адамдарынын айтымында, Квинси Промес криминалдык окуялардан улам жашоосу артка кеткенин сезип, баарын өзгөрткүсү келген. Ал мечитке барып, дароо ислам динин кабыл алган.
33 жаштагы Квинси Промес өткөн жылдын март айында Нидерланды прокуратурасынын өтүнүчү менен БАЭде камакка алынган. Нидерландыда ал баңги аткезчилиги үчүн алты жылга, адам өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн бир жарым жылга эркинен ажыратылган.