УКМК өзүн Камчыбек Ташиев атаган Бишкек шаардык кеңешинин депутатын кармады

Алдамчылык фактысы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у А. тарабынан алдамчылык фактысы аныкталган. Тагыраагы, ал 2024-жылдын октябрь айында шайлоо компаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.

Бул фактынын негизинде УКМК алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у.А. кармалып, ага тиешелүү айып тагылып, камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан