Нооруз-2025. Бишкектин төрт районунда кандай майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт?

Нооруз майрамын утурлай Бишкектин төрт районунда майрамдык иш-чаралар 20-марттан башталат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Биринчи май районунда:
- 20-мартта Маевка жана Пригородныйда концерттик программа жана оюн-зоок программалар өткөрүлөт;
- 21-мартта Жаштар сейил багында, Кут конушунда майрамдын урматына көргөзмөлөр, концерттер, спорттук мелдештер жана жалпы элдик майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Ленин району боюнча:
- 21-мартта «Чүкө» эс алуу борборунда, «Люкс» паркында, «Чоң-Арык» жана Киргизия-2 конуштарынын маданий борборлорунда Нооруздун урматына майрамдык салтанаттар өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында сүмөлөк улуттук тамак-ашын уюштуруу, концерттик программа жана улуттук спорт оюндары өтөт.
Свердлов районунда:
- 20-мартта №17 МАБнын аймагында, №11 орто мектебинин спорт аянтчасында, №19 МАБнын Учкун конушунда, Аламүдүн МАБнын жана №21 МАБнын аймагындагы №21 орто мектебинин аймагында Эне-Сай конушунда улуттук спорттук мелдеш өткөрүлөт. «Сүмөлөк», концерттик программа жана сый тамактар уюштурулат.
- 21-мартта Арбат аллеясында Чыгыш-5 кичи районунда кийиз, чий-токуу, карапа жана башка улуттук кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча бардыгына акысыз мастер-класстар уюштурат. Ошондой эле мольберттин жана комуздун көргөзмөсү №18, №19, №21, Лебединовка, Төмөнкү Ала-Арча МАБдарында боз үй тигилип, таттуулар уюштурулуп, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук спорттук мелдештер, ошондой эле улуттук даамдардын жарманкеси өткөрүлөт.
Октябрь районунда:
- 21-мартта "Ынтымак" сейил багында боз үй тигилип, дасторкон, улуттук спорттук мелдештер жана мастер-класстар менен коштолгон майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. “Шайыр балалык”, “NARK ART HOUSE” балдардын чыгармачылык борборлору жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт өтөт. Ошондой эле майрамдын урматына Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар үчүн спорттук оюндар уюштурулуп, жалпы элдик майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан