Орус ырчысы Филипп Киркоров атасы каза болгонун билдирди

Орус эстрада ырчысы Филипп Киркоровдун атасы Бедрос Киркоров 93 жашында каза болду. Бул туурасында орус басылмалары жазышууда.

Маалымдалгандай, бул кабар менен Филипп өзү социалдык баракчаларынан бөлүшкөнү айтылган.

"Мен эми бала эмесмин. Бүгүн, 2025-жылдын 18-мартында саат 15:37де менин атам, Орусиянын эл артисти Бедрос Киркоров каза болду, бирок сен менин жүрөгүмдөн эч качан кетпейсиң", - деп билдирди орус эстрадасынын падышасы социалдык тармактарда.

Киркоровдун атасы акыркы жылдары жүрөгү жана буту ооруп жатканына даттанган, ошондой эле эки жолу коронавирус менен жабыркагандыгы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан