"Бут кийимден бери..." Бишкекте батир уурулукка шектелип 20 жаштагы жигит кармалды

Бишкек шаарында батир уурулукка шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал Шота Руставели көчөсүндө жайгашкан үйүнө ууру кирип, баасы 5 миң сом турган бут кийимди, алтын буюмдарды жана банк картасын алып кеткенин, андан соң картадагы 160 миң сомун чыгарып алганын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан