Учурда булчуң атрофиясы (СМА) менен алышып жаткан 9 айлык Асланга керектүү каражат чогулуп бүттү. Бул тууралуу наристенин ата-энеси социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Урматтуу кыргыз элим, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашаган мекендештер! Сиздердин колдооңуздар, боорукерлигиңиздер жана ынтымактуулугуңуздар чексиз чоң күчкө ээ экенин дагы бир жолу далилдедиңиздер. Биз башында бир жылда чогулат деп ойлогон 170 миллион сомдук сумма сиздердин жүрөгүңүздөрдүн кеңдиги менен бир айга жетпей топтолду. Бул – элдин биримдигинин, боордоштуктун жана улуу жүрөктүн күчү!
Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Америка, Өзбекстан, Корея жана башка өлкөлөрдөгү мекендештер. Ар бириңиздердин салымыңыздар биз үчүн ыйык. Ар бир сом, ар бир дуба, ар бир жайылган кол – Аслан үчүн үмүт белеги болду. Биз силерге чексиз ыраазыбыз!
Сиздер кылган жакшылыктар миң эселеп кайтып келсин! Жараткан Аллах сиздерден ыраазы болуп, үй-бүлөңүздөргө бакыт, ден соолук жана береке берсин!" - деп жазышты алар.
Белгилей кетсек, жакында эле СМА оорусу менен алышып жаткан Хамза аттуу эки жашар наристеге керектүү каражат чогулуп бүткөнү кабарланган.
Маалымат үчүн: СМАга каршы бир уколдун (Золгенсма) баасы 170 миллион сом турат.