Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов борбордук трибунадан 10 мүнөт убакыт сурады.
"Мен дагы эле ошол 10 мүнөттү сурап жатамын. Азыр эми Камчыбек Кыдыршаевич жок экен, болбосо андан уруксат алып берет элем", - деди ал.
Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу буга теригип, Жогорку Кеңеш УКМКнын башчысынын уруксатысыз эле иш алып барарын айтты.
"Биз эч кимден уруксат албайбыз. Кимге 10 мүнөт берет, кимге бербейт, парламент өзү чечет. Сиз этияттасаңыз", - деди спикер.
Жыйынтыгында каттоодон өткөн 87 депутаттын 49у "макул" болсо, 3ү "каршы" берди. Калган эл өкүлдөрү добуш бербей коюшту. Ошентип бул жолкусунда Айжигитов убакыт ала алды.
Эске салсак, Айжигитов буга чейинки Жогорку Кеңештин 12-13-марттагы жыйынындарында да 10 мүнөт убакыт сурап, депутаттар макулдук бербей коюшкан.