"Айылдын бардык эли дүрбөлөң". Депутат Өзгөндө "снос" сөзү жолдон бери жазылып кеткенин айтты

Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Ош облусунун Өзгөн районундагы айылдардын көчөлөрүнө "снос" сөзү жазылганын айтып, тийиштүү органдардан түшүндүрмө талап кылды.

Ал бул боюнча мектептин ачылышына катышууга барып көргөнүн билдирди.

"3 айылды бириктирген айыл өкмөттүн жолу бар. Ал эч кандай республикалык маанидеги же шаардын жолу эмес, же болбосо өзгөрүү кирип, кеңейтилип жаткан жол эмес. Айылдын бардык эли дүрбөлөң болуп, жанагы "снос" деген сөздү кайталап жатышыптыр. Айылды бүт кыдырып ошол жазууну жазып чыгышыптыр. Бул не деген жорук? Шаарды тартипке келтирүү же мыйзамсыз курулуштарды алуу болсо каршы эмеспиз.

Бирок бирөө ушундай кылып жатыптыр деп эле бүт бардык жерде болсо... Кичинекей айылдагы жолдордун эмне маселеси бар ал жерде? Буга өкмөттөн жооптуу кишилер так жооп берип койсун. 2 күн бою элдер "эмне болуп жатат? Биздин жол чоңоёбу?" деп сурашты", - деди ал.

Айта кетсек, Ош шаарына мэр болуп барган Жеңишбек Токторбаев калаада кызыл сызыктан ашып кеткен имараттарга "снос" сөзүн жаздырып келет. Аталган сөз жазылган соң объект бузулууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан