Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларда 19-23-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул туурасында ӨКМ билдирүү таратты.
Алар төмөнкү ашуулар:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
- Бишкек – Ош унаа жолунун 222-255-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу).
Маалыматта айтылгандай, бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.