Стамбул шаарынын мэрин камакка алууга ордер берилди 

Түркиянын Укук коргоо кызматкерлери Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну камакка алуу ордерин берди. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта түрк басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, полиция Стамбул шаарында масштабдуу операция жүргүзгөн.

"Стамбул шаарынын мэриясында коррупцияга каршы масштабдуу операция башталды. Операциянын алкагында мэр Экрем Имамоглу менен анын кеңешчиси Мурат Онгун кармалат", - деп жазылган маалыматта.

Мындан тышкары Имамоглунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, мэрияга полициянын чоң күчтөрү тартылган. Белгиленгендей, камакка алуу боюнча жалпысынан 100гө жакын адамга ордер берилген, алардын арасында журналисттер менен ишкерлер да бар.

Буга чейин Стамбул университети Түркиянын Башкы прокуратурасынын тиешелүү өтүнүчүнөн кийин Имамоглунун дипломун жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан