"Аскерлерим каза болгон". Ташиев Достуктун Тажикстанга берилишине жүрөгү ооруп жатканын айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берип жатып, Достук айылынын Тажикстанга берилишине анын дагы жүрөгү ооруп жатканын, бирок келечек үчүн ушундай чечимди кабыл алууга аргасыз болгонун айтты.

Анын айтымында, Достук айылында Кыргызстандын 10 аскер кызматкери каза болгон.

"Достук айылы мен үчүн дагы өтө оор айыл. Достук айылын эстегенде жүрөгүм ооруп турат. Ал жерде менин аскер кызматкерлерим каза болгон. Үч аскер кызматкерим ошол жерде танкта жарылып каза болгон. Ошол жердеги чек ара заставага жаңы барган Дастан деген жигит акыр аягына чейин жалгыз туруп, ошол жерди коргоп, каза болду. Менин дагы жүрөгүм ооруп турат. Бирок келечекте ушундай окуялар кайталанбашы үчүн биз ушул маселени чечишибиз керек болду", - деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев ошондой эле ошол жерде каза болгон аскер кызматкерлеринин сөөктөрүн кол менен чогултууга туура келип жатканын айтты.

"Эми айтканга туура келип жатат, балдарыбыздын сөөктөрүн, калдыктарын кол менен чогултканга туура келип жатат", - деди Ташиев.

Ошондой эле ал Достук айылы жөнүндө сөз кылууда этият болууга чакырды.

"Туура, ичиң ачышат, өзүңдүн жериңди таштап кетип жатасың. Бирок сенин балдарың үчүн бул келечектүү туура чечим болду", - деди Ташиев.

Ташиевдин Достуктун берилиши боюнча билдирүүсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан