Ош шаарында Нооруз майрамына карата өтүүчү иш-чараларга даярдыктар жүрүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-март күнү салтанаттуу иш-чаралар учурунда өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү боюнча саптык кароо өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамир Исаков катышкан. Ошондой милиция кызматкерлерине Нива үлгүсүндөгү кызматтык унаалар тапшырылганы кабарланды.