УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берип жатып, Төрт-Көчө боюнча маселеге токтолду.
Анда Ташиев Төрт-Көчө боюнча протоколго Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ошол кездеги Коопсуздук кеңештин башчысы Адахан Мадумаров кол койгонун белгиледи.
"Төрт-Көчө боюнча мурдагы жетекчилер ката кетирген. Төрт-Көчөнү мурдагы Коопсуздук кеңешинин башчысы Адахан Кимсанбаевич барып, кол койгон. Ал киши айтып жатпайбы "ошол кездеги президенттин тапшырмасынын негизинде баргам" деп. Ал кезде президент Бакиев болчу.
Биринчиден, ал юрдикиалык жактан эч кандай кол койгонго акысы жок. Ал өзүнүн коллегасы менен, Тажикстандын Коопсуздук кеңеши менен кандайдыр бир меморандумга кол койсо болот, кызматташтыкка кол койсо болот. Бирок чек ара жөнүндө кол коюуга анын конституциялык дагы, мыйзамдык дагы укугу болгон эмес жана койбош керек эле. Бул биринчи ката.
Экинчи, эми стратегиялык катасы эмне болгон? Булар ошол 275 метр жерди бул Тажикстандын жери, биз ижарага 49 жылга алабыз, ошого макулбуз деп протокол жазып, ага кол коюшкан. Бул эң чоң ката болгон. Себеби ошол чек ара тилкесине жакын жайгашкан аймактарды чек ара бүтмөйүнчө эч ким "бул силердики" деп таанбашы керек. Чек ара тилкелери бүтүп, мыйзамдуу ишке киргиче "бул жер сеники, ооба, мен ижарага алайын" деп моюнга алып коюшат.
Мына азыр 20 жыл өтүп кетти, дагы 29 жылдан кийин алар бизди кууп чыгат дагы, "бул жер биздики, мына кол койгон протоколуң бар" деп айтат болчу", - деди Камчыбек Ташиев.
Ташиев мурдагы жетекчилердин ушундай стратегиялык катасынын негизинде 55 аскер кызматкери, 63 жаран каза болгонун айтты.
"Адахан Кимсанбаевич айтып жатат, "бул жөн эле протол, аны менен дааратканага барып коюш керек" деп. Дааратканага бардырбайт экен да аны менен. Ал жерде сенин колуң турат да, кантип дааратканага барасың. Ошону ар бир жолугушууда менин бетиме такай берип, мен чабышып келдим. Акыры биз ал протоколду моюнга алган жокпуз", - деди атайын кызматтын башчысы.
Ал мындан улам Мадумаровго чыккынчылык беренеси менен иш козголгонун, мурдагы депутатты азыр дагы камоого болорун айтты.
"Ошондуктан биз бул иштин баарын изилдеп отуруп, анан Мадумаровго чыккынчылык беренеси менен иш козгогонбуз. Бул берене эч качан эскирбейт. Керек болсо азыр дагы алып келип камап койсо болот, мындан кийин дагы камасы болот", - деди Ташиев.