Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча келишимдерди бир эле учурда үч окууда ратификациялоону жактырышты.
Комитеттердин биргелешкен жыйынынан кийин парламент келишимдерди карады. Бирок депутаттар келишимдерди талкуулабай, аларга добуш берүүнү чечишти.
Ошентип, депутаттар үч окууда ратификациялоону колдоду:
2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашуу;
2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилиштерин иретке келтирүү жана пайдалануу жөнүндө макулдашуулар;
2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы Суу-энергетикалык объекттерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында макулдашууларга 85 депутат "макул", бирөө "каршы" добуш берди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүнкү күндү тарыхый күн деп атады.
"Бул кылымдардан бери келаткан эки элдин достугун мындан да чыңдайт, ортодогу пикир келишпестикти, кагылышууларды токтотуп, чекит коёт деген үмүттөбүз. Эки элдин тилеги ушундай", - деди ал.