Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде оңдоо иштери башталды (видео)

Бишкек шаарында Түштүк-Магистралдан жогору Чыңгыз Айтматов проспектисинде оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал билдиргендей, долбоорду Президенттин иш башкармалыгы ишке ашырууда.
"Учурдагы төрт багыттуу жол алты багыттуу болуп кеңейтилет. Жолдун эки тарабында заманбап, кеңири тротуарлар курулат. Велосипед жана электросамокат айдагандар үчүн өзүнчө веложол түшөт. Ошондой эле кызыл чийинден ашып кеткен мыйзамсыз курулуштар жана тосмолор алынып, шаардын көрүнүшү иретке келтирилет. Бул оңдоо иштери Ахунбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлөт. Натыйжада, Чыңгыз Айтматов проспектиси жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер жана унаалар үчүн ыңгайлуу, заманбап көчөлөрдүн бирине айланат", - деп жазды ал.
19.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан