Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө Бахадыр Конуровдун талапкерлиги каралды.
Талапкер боюнча сунуштама жана маалыматты «Ишеним» парламенттик фракциясынын лидери Улугбек Ормонов берди. Эл өкүлдөрү добуш берүүнүн жыйынтыгында Конуровдун талапкерлигин жактырды.
Кечэээ, 18-мартта тармактык комитет Конуровдун талапкерлигин карап, колдогон болчу.