Нооруз-2025. Бишкектеги негизги майрамдык программа боюнча маалымат айтылды

21-мартта Бишкек шаарында Нооруз улуттук майрамы Т.Усубалиев атындагы аянтта белгиленет. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, майрамдык программалар саат 10:00дөн 19:00гө чейин болот.
"Иш-чаралар "Кел, куттуу Ноорузум" аттуу театралдаштырылган пролог менен башталып, көрүүчүлөр жаратылыштын ойгонушун жана кыш мезгилинен жазга өтүүнү символдоштурган түркүн түстүү бий номерлерин жана фольклордук аткарууларды көрө алышат.
Күнү бою аянтта прикладдык искусствонун көргөзмөлөрү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча оюндар, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт болот. Каалоочулардын баары орнотулган “Ордо (Кыргыз айылы)” боз үйлөрүнө баруу менен кыргыз элинин каада-салты менен тааныша алышат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин борбордун төрт районундагы майрамдык салтанаттардын тизмеси жарыяланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан