Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу "Бай Дыйкан" компаниясы Кытайда жалпы аянты 13 гектарды түзүп, анын 7,6 гектары курулуп бүткөн ири көзөмөл кампасын ишке берип, расмий ачылышын өткөрдү. Комплекс Кытайдын Кызылсу-Кыргыз автономдуу округундагы Улугчат шаарында жайгашкан.
Кечээ, 18-мартта расмий ачылган кампанын иш-чарасына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, "Бай Дыйкан" компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Эрлист Акунбеков, Хэзэ шаарынын мэри, Урумчи шаарынын башчысы Турсун Нияз, Кытайдан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандагы Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
"Биз бул долбоор логистика, эл аралык соода жана өз ара инвестициялар жаатындагы жаңы демилгелердин негизи болоруна бекем ишенебиз. Ал ири бизнеске гана эмес, чакан жана орто ишкерлерге да пайда алып келип, жаңы жумуш орундарын түзүп, кыргызстандык экспортёрлор үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деди «Бай Дыйкан» компаниясынын директору Эрлист Акунбеков ачылышта сөз сүйлөп жатып.
Ачылыш аземдин алкагында комплекстин аймагында экскурсия өткөрүлүп, коноктор складдын инфраструктурасы жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.
Көзөмөл кампаны "Бай Дыйкан" Кытайдын мамлекеттик корпорациясы менен өнөктөштүктө курган. Терминал азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойноп, Кытайдын аймагындагы "Иркештам" кургак портуна байланышкан "Торугарт" жана "Эркештам" чек ара посттору аркылуу өтүүчү товарлар үчүн маанилүү логистикалык чынжырча болуп берет.
Мындан тышкары, долбоор регионалдык экономиканы, социалдык туруктуулукту, айыл чарбасын модернизациялоону жана Борбордук Азия менен Кытайдын ортосундагы соода байланыштарын бекемдөөдө стратегиялык мааниге ээ. Бул төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:
Борбордун негизги блоктору төмөнкүлөрдү камтыйт:
Бул Кыргызстандын дыйкандарына эмне берет?
Эми биз Кыргызстандын дыйкандары өндүргөн продукцияларды Кытай рыногуна тоскоолдуксуз экспорттоого мүмкүнчүлүк алабыз. Жаңы кадам - өндүрүштү көбөйтүүгө, фермерлердин кирешелерин арттырууга, ошондой эле, эл аралык рынокко — дүйнөдөгү эң ири экономикага чыгууга жардам берет.
Кайсы продукциялар экспорттолот?
Азыркы учурда компания чанактуу дан өсүмдүктөрү, жүгөрү жана буудайды экспорттоо боюнча активдүү иш алып барууда. Үстүбүздөгү жылы 200 миң тонна жүгөрү экспорттолору пландалган. Жакынкы учурдан тарта жергиликтүү агроөнөр жай комплексинин продукцияларын экспорттоо боюнча иштер башталат. Кызматташуу үчүн төмөнкү номер аркылуу кайрылыңыз: +996 555 006 464.
Компания жөнүндө: "Бай Дыйкан" — айыл чарба тармагындагы өндүрүш, импорт жана экспорт боюнча иш алып барган ири эл аралык компания. 18 жылдан бери "Бай Дыйкан" Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун камсыздоого жана агросекторду өнүктүрүүгө бардык күчүн жумшап келет. Компания фермерлерди эффективдүү жер иштетүүгө керектүү түрдүү кызматтар жана товарлар менен камсыздап келүүдө.