Бүгүн 19-мартта Ош облусунун Араван районда “Жакырчылык деңгээлин кыскартуу боюнча” социалдык долбоорду ишке ашыруу боюнча облустук семинар өттү. Бул туурасында облус жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, район боюнча бүгүнкү күнгө республикалык бюджеттен 611 үй-бүлө, ал эми дүйнөлүк банк тарабынан 98 үй-бүлө соцконтракт долбоордун алкагында каражат алышкан. Мамлекеттен кайтарымсыз каражат алып өз бизнесин ийгиликтүү жүргүзүп жаткан ишкерлер өз продукцияларын көргөзмөгө коюшту.
Семинарга катышкан президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев бизнес ээлери менен социалдык контракт долбоорунун натыйжалуулугу жана пайдасы тууралуу маектешип, оң натыйжа берип жатканына ынанды.