19-марттагы Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин кезектеги рейди Токтогул Сатылганов атындагы жана "Мээрим" эс алуу жайында болду.
Анда мэр паркты кыдырып, ижарага алган жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшерип чыкты. Ар бир бизнеске токтолуп, ижара акыларын көтөрүү тапшырмаларын берди. Эгерде ишкерлер ал акыга көнбөсө бузуп алып чыгып кетишин талап кылгыла деген ишарат берди.
Мындан тышкары парктын ичинде жеке менчикке өтүп кеткен жерлерди мэриянын баласына алуу боюнча сотко кайрылуу керектигин айтты.