АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеиге жолдогон катында жаңы өзөктүк келишимди түзүү үчүн эки айлык мөөнөт белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Катты бир нече күн мурун Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайянга Абу-Дабидеги жолугушууда жеткирген.
Эртеси күнү БАЭ президентинин дипломатиялык кеңешчиси Анвар Гаргаш Тегеранга барып, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчиге катты тапшырган.
Басылмалар Трамп катында катаал кайрылуу жазганын белгилешти.
"Бир жагынан ал жаңы өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштап жатат. Экинчиден, Иран бул сунуштан баш тартып, өзөктүк программасын өнүктүрүүнү уланта берсе, анын кесепеттери катуу болору эскертилет", - деп жазышты чет элдик ЖМКлар.
Трамп катта сүйлөшүүлөрдүн созулушун каалабасын белгилеп, келишим түзүү үчүн эки айлык мөөнөттү көрсөткөн.