АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский кечээ, 19-мартта телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттери өздөрүнүн баракчаларында бөлүштү.
Трамп аталган сүйлөшүү тууралуу өзүнүн Truth Social социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Сүйлөшүүнүн көпчүлүк бөлүгү кечээки Орусиянын президенти менен сүйлөшүү тууралуу болуп, эки өлкөнүн суроо-талаптарын жана муктаждыктарын чечүүгө багытталды. Биз туура жолдо баратабыз", - деп билдирүү калтырган Трамп.
Ал эми Зеленский X социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Трамп менен сүйлөшүү "позитивдүү, маңыздуу жана ачык" болгонун белгилеген.
"Президент Трамп кечээки Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн чоо-жайы жана талкууланган негизги маселелер тууралуу айтты. Согуштун толук токтотулушуна карай алгачкы кадамдардын бири – энергетикалык жана башка жарандык инфраструктурага кол салууларды токтотуу. Мен бул кадамды колдогом жана Украина аны ишке ашырууга даяр экенибизди ырастайм", - деген Зеленский.
Белгилей кетсек, Путин менен Трамп 18-мартта эки саат телефон аркылуу сүйлөшкөн эле.