Мюнхендик “Бавария” футболдук клубу Эл аралык футбол тарыхынын жана статистикасынын федерациясынын (IFFHS) версиясы боюнча 2013-жылдын “Мыкты командасы” болуп табылды. Бул тууралуу европалык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мюнхендик клуб рейтингдеги 1-орунга карамагындагы 370 упай менен татыган. “Бавария” 2013-жылы Германиянын Кубогун, Германиянын чемпиондугун, УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, УЕФАнын Суперкубогун жана клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун уткан.
“Бавариядан” тышкары алдынкы бештикте мадриддик “Реал” (290 упай), лондондук “Челси” (273), мадриддик “Атлетико” жана каталондук “Барселона” (247) сыяктуу клубдар бар.