Жарандар унааларды импорттоодо жана сатууда алынган киреше салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул кадам калкты колдоо, жарандардын финансылык абалын жакшыртуу жана убактылуу финансылык кыйынчылыктарга туш болгондорго жардам берүү максатында жасалган.
"Эми жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактар бир жылдан кем эмес менчиги болгон унаасын импорттоо жана сатуу боюнча 2022-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алынган кирешеден, салыктардан, анын ичинде пайыздардын жана туумдардын суммалары боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттенмени аткаруудан бошотулат", - деп айтылат маалыматта.
Бирок Салык кызматы 2 шарт койгон:
Бул жеңилдик бир жолку гана экени белгиленди. Салык кызматы жарандарды алдамчылыкка жол бербөө үчүн жарандарды паспорттук маалыматтарын жана документтерин үчүнчү жактарга сый акы үчүн бербөөгө чакырат.