Салык декларациясында эмнелер көрсөтүлүшү керек?

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын кабыл алууда.

1-апрелге чейин декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

  • ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчёттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
  • туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

Мекеменин маалыматына ылайык, декларацияны электрондук түрдө салык төлөөчүнүн жеке кабинетинен тапшырууга болот.

Декларацияда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

  • кирешелер, чыгымдар жана экономикалык иштер;
  • мүлк объекттери жана отчёттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктар;
  • отчёттук мезгил ичинде "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамынын негизинде мыйзамдаштырылган активдер.

Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 номери аркылуу же Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан