Оштон Караколго түз аба каттамдары бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Айтымында, Бишкектен Караколго каттамдар жумасына 4 жолу (шейшемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү) аткарылат.
Билеттердин баасы:
- Бишкектен – 3100 сомдон башталат.
- Оштон – 4100 сомдон башталат.
Учуу убактары:
- Каракол – Ош: 13:00
- Ош – Каракол: 14:50
- Бишкек – Каракол (бейшемби): 11:30, артка 16:45
- Бишкек – Каракол (жекшемби): 11:30, артка 16:45
- Пенсионерлерге 10% арзандатуу!
Айта кетсек, каттамдарды "Asman Airlines" авиакомпаниясы аткарат.