
Өлкөдө 24-26-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирүү таратты.
Тактагандай, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы төмөндөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
"Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - дешти мекемеден.