Активист жана эркин журналист Канышай Мамыркулова 48 саатка камакка алдынды. Бул туурасында анын жактоочусу Нурбек Сыдыков билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Массалык баш аламандыктар", "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча иш козголгон.
Азырынча күч түзүмдөрүнөн активисттин кармалышы боюнча маалымат бериле элек.
Айта кетсек, эркин журналист Канышай Мамыркулова социалдык баракчаларынан коомдогу болгон окуяларга байланыштуу өз оюн жазып келет.