Кечээ, 20-мартта Куала-Лумпур шаарында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Фиджи Республикасынын Малайзиядагы элчиси Этуэни Киолеле Каукау менен жолугушту.
Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Фиджинин ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланып, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына талапкерлерди өз ара колдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
ТИМдин маалыматына ылайык, жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-фиджи кызматташтыгын чыңдоого жана андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.