Кыргыздын чыныгы Жаңы жылы майрамдалып жаткан кез. Элибизде эзелтеден Нооруз күнү таарынычы бар адамдар кол кармашып, чын дилден бирин-бири кечиришип, жарашышкан. Бардык араздашуу эски жыл менен кетти деп эсептешкен жана андан кийин аны эч бир көңүлгө алып козгошкон эмес. Нооруз 2009-жылы ЮНЕСКО тарабынан Адамзаттын материалдык эмес, маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.
НООРУЗ МАЙРАМЫ
О.Намазбеков
Нооруз майрам өзүнчө бир керемет,
Мына бүгүн күн менен түн теңелет.
Таттуу уйкунун кучагынан ойгонуп,
Жер энебиз бир калыпта термелет.
Баба дыйкан шаймандарын белендеп,
Кошко чыкты кара жерди тилем деп.
Үрөн себет бир Аллага жалынып,
Урпактарга кенен токоч берсе деп.
Караңгыны жарга такап жарыктык,
Мына бүгүн күн абада талыкшып,
Кас-душмандар достошууга кез келди,
Көрө албастык, жек көрүүнү багынтып.
АЛАС, АЛАС...
Кыргыздар «жер жарылып чөп чыкты, желин жарылып сүт чыкты...» деп ураан чакырышкан. Жаңырган жылда эл-журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, Кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып, жалынышкан. Арпадан же буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен. Бул күнү жаңы кийимдер кийилип, жакшы тилектер айтылып, айлана көрккө бөлөнөт.
Кыргызда эски жыл аяктап, эртең Жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «Жыл ажыратыш» деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп:
«Алас, алас,
Ар балээден калас.
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен.
Жакшылыкты Теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун.
Алас, алас»,- деп аласташкан.
Илгери ата-бабаларыбыз Нооруз күнү кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгачкы жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артындагы жоон топ этектериндеги үрөндү чачуу менен элдик ырларды созолонто ырдашкан. Анткени Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын жана жаздын майрамы катары белгиленген.
АРПА – АМАНЧЫЛЫК ДАНЫ
Кыргыздар сүмөлөк менен катар Жыл ажыратыш күнүнө карата арпа, буудай же жүгөрү өндүрүп, сокуга түктөп кабыгынан арылтып, акталган данынан чоң көжө жасашчу. Ал табияттын өлбөстүгүн айкындоочу, дүйнөнүн, жашоо-турмуштун гүлдөп-өнүгүшүнүн даамы катары бааланган. Аталган дандардын ичинен өзгөчө арпага басым жасап, баалашкан.
Айрым бир уламыштарга караганда, бир улукман арпа өскөн эгин талаасынын жанынан өтүп баратып арпага коё берилген суу жолго чейин агып жатканын байкайт. Ошондо: «Арпа – аманчылык даны, анын чөбү – жакшы чөп. Арпаны аралап өткөн же андан чыккан суу чарчоону басып, ашказан ооруларын айыктырат. Бул суудан ким ичсе, жаңы жылдын арпа бышыгына чейин ар кандай оорулардан сакталган болот»,- деп айткан экен. Ал эми Мухаммед пайгамбар (С.А.В): «Арпа уну – таңсык даам. Денеңизден кубат кеткен убакта арпа нанын көбүрөөк жеш керек»,- деген.
Нооруз көжөсү акталган арпадан (перловка), кээде акталган буудайдан да жасалат.
ЧОҢ КӨЖӨ
Элибизде «жети санында сыйкырдуу күч бар» деген ишеним бар. Анын сыңарындай, чоң көжө да 7 даамдан жасалуусу кажет. Азыркы убакта көжөгө сабиз, болгар калемпири, картошка, ашкөк жана башкаларды кошушат. Ал эми илгери чоң көжө май, эт, акталган арпа (же буудай), суу, туз, сүзмө жана көктөрдөн жасалчу. Чоң көжөнү айыл аксакалдары үймө-үй кыдырып ичип, ал үйгө ак дилинен баталарын беришкен.
ЖЫЛ АЖЫРАТЫШ КӨЖӨ
Керектелүүчү азыктар (бир порцияга):
1. Акталган арпа (перловка) же буудай – 50 грамм
2. Эт – 200 грамм
3. Суу – 1 литр
4. Пияз, сабиз – 1 даанадан
5. Май (өсүмдүк майы) – 60 грамм
6. Туз
7. Сүзмө (айран же эзилген курут)
Жасалышы:
1. Алгач акталган арпаны же буудайды өзүнчө бир идишке эртелеп жылуу сууга чылап коюу керек (көөп чыккыча).
2. Акталган майга этти, пиязды, сабизди, тузду салып кууруп алабыз.
3. Үстүнө суу куюлуп, кайнатылат.
4. Акталган арпа салынып, бышканча жай отто кармалат.
5. Даяр болгон көжө чоң чыныларга куюлуп, сүзмө катыкталып дасторконго берилет.
Ушул эле тамакты куурубастан, азыктарды утурлай салып кайнатуу жолу менен да жасоого болот.