Бишкек шаардык кайгуул кызматынын кызматкерлери жарандарга ооруп жаткан наристесин ооруканага жеткирүүгө жардам көрсөттү. Бул тууралуу видео мекеменин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Анда кабарлангандай, жол тескөөчүлөрүнө жарандар тарабынан кайрылуу түнкү саат 22:30да түшкөн.
Наристенин атасынын айтымында, тыгынга байланыштуу унаасы менен жолдо туруп калган. Жол инспекторлору бөбөктү №3 шаардык балдар ооруканасына кызматтык унаасы менен жеткиришкен.