22-мартта Чүй жана Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет кызматы маалымдады.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10 ... +15 күндүз +21 ... +26;
Талас жергесинде түнкүсүн +6 ... +11, күндүз +20 ... +25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10 ... +15, күндүз +22 ... +27;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 ... +2, күндүз +10 ... +15;
Нарын дубанында түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +10 ... +15;
Бишкекте түнкүсүн +11 ... +13, күндүз +24 ... +26 градус болот.