АКШнын Коргоо министрлиги Өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу департаментин жетектеген Илон Маскка Кытай менен мүмкүн болгон согушта Вашингтондун аскерий пландары тууралуу маалымат берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу New York Times өз булактарына таянып жазып чыкты.
Басылма Space X компаниясынын негиздөөчүсүнүн өлкөнүн эң жашыруун аскердик пландарын билүү мүмкүнчүлүгүнө жетишкени анын АКШнын президенти Дональд Трамптын кеңешчиси катары ролунун олуттуу кеңейгендигин билдирерин белгилейт. Анткени согуш пландары Пентагондун эң катуу сакталган сырларынын бири.
Басылманын булактарынын билдиришинче, жума күнү 20-30дай презентация слайддарын камтыган брифинг болот. Анда Пекин менен кагылышуу болгондо Вашингтон кандай чараларды көрөрү көрсөтүлөт.