Орозо айы – жакшы иштердин жана кайрымдуулуктун айы. Бул айда жасалчу маанилүү милдеттердин бирин сиз бир нече баскыч менен ишке ашырсаңыз болот!
«Бакай Банк» битир-садага берүү процессин өтө жеңил кылды: акча каражатын BakAi тиркемеси аркылуу ылдам жана коопсуз садага кылыңыз.
Кантип?
BakAi тиркемесинин башкы бетинде “Орозо календары” жайгашкан. Календарды басып, өзүңүз жашаган аймакты тандасаңыз, “Садага” опциясы чыгат. Дал ошол баскычты басып:
1. Төлөм алына турган картаны тандайсыз;
2. Аты-жөнүңүздү жазасыз;
3. Которуучу сумманы көрсөтүп, төлөмдү тастыктайсыз.
Акча каражаты чогулган сумманы муктаждарга которуу жоопкерчилигин алган фонддун эсебине түшөт. Кыргызстандын Дин иштери боюнча башкармалыгы 2025-жылга карата битир-садаганын баасы киши башына төмөнкүдөй эсептелерин белгилеген:
Буудайдын баасы менен 1,6 кг (50 сом)
Мейиздин баасы менен 750 сом
Ундун баасы менен 80 сом
Арпанын баасы менен 3,2 кг (90 сом)
Курманын баасы менен 900 сом.
Кошумча бонус: ооз ачууга 5% кешбэк!
Рамазан айы – бул жөн гана ачка жүрүү эмес, бул кечки ооз ачуу мезгилинде үй-бүлөнүн курчоосунда өтүүчү жылуу, жагымдуу сааттар. Эми “Бакай Банк” кафе жана ресторандардан ооз ачуу уюштурган кардарлар үчүн жогорулатылган 5% кешбэк белекке берет. Даамдуу дасторкондон тамактануу менен катар, жагымдуу бонустарды алып кубаныңыздар!
BakAi менен бирге заманбап технология менен каада-салттарды айкалыштырыңыз! Кайрымдуулук кылуу эми мурдагыдан жеңил!